«Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү −2019» кино фестивалы өтөт

11:51, 10 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

12-декабрда Бишкекте IX Эл аралык КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү −2019» кино фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жылы кинофестивал Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналууда.

«Фестиваль эки сынактык программаны камтыйт. Алар: даректүү, анимациялык жана эксперименталдык жанрларды камтыган эл аралык жана улуттук кинолор болуп эсептелет. Эл аралык программада бул жылы 14 кино, ал эми улуттук программада ата мекендик 18 тасма бар», — деп айтылат маалыматта.

15-декабрда «Мыкты тасма», «Мыкты режиссер», «Калыстар тобунун атайын сыйлыгы» жана «Көрүүчүлөрдүн арзуусу сыйлыктары» номинациялары боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүнүн ысымдары жарыяланат.

Эске салсак, кинофестиваль 2010-жылы негизделген.