Кылмыштардын бирдиктүү реестри прокуратуранын 4 миңдей кызматкерине жеткиликтүү

11:28, 10 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри прокуратуранын 4 миңдей кызматкерине жеткиликтүү. Бул тууралуу Соттук реформа боюнча Кеңештин 3-отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, 4 миң кызматкердин ар бири системанын бөлүгүнө өз укуктарынын чегинде кире алышат.

Эске салсак, Соттук реформа боюнча Кеңештин отуруму биринчи жолу 2018-жылдын майында, кийинкиси өткөн жылдын декабрында өткөн.