00:14
USD 86.80
EUR 91.46
RUB 0.87

Чүй облусунда бейбаштыкка шектелип 4 жигит колго түшүрүлдү

Чүй облусунда бейбаштыкка шектелип 4 жигит кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-декабрда милицияга Бишкек-Торугат унаа жолунда бир канча жаран согушуп жатат деген билдирүү келип түшкөн.

«Милицияга Ш.У. кайрылып, белгисиз 4 жаранга карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, саат 01:00дө белгисиз бирөөлөр унаасы менен анын унаасын четке кысып жол жээгине чыгарып коюшкан. Алар айдоочуну сабап, травматикалык тапанчасын, документтерин жана унаанын ачкычын алып кетишкен. Ошондой эле мушташтын дагы башка катышуучулары (биринчи унаадагы балдар) 23 жаштагы А.С., Ш.Ж., А.Н жана 22 жаштагы А.А. милицияга арыз менен кайрылышып, Ш.У.га карата чара көрүүнү суранышкан. Алардын айтымында, Ш.У. жана башка жүргүнчүлөр аларды сабап салышкан. Сурактан кийин экинчи унаада бара жаткан балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар