Кечээ Москвада «Романсиада» орус романсынын жаш аткаруучулар арасындагы эл аралык сынагы өттү. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКсы жазды.
Орто Азиядан барган Нургалым Аманбай (Казакстан) менен Мирлан Жанарбаев (Кыргызстан) сынакта 1-2-орундарга ээ болушту.
Концерт «Орус дүйнөсү» фондунун колдоосу менен өттү.
Эске салсак, аталган сынакка ар кайсыл өлкөдөн келген 500дөн ашуун аткаруучу катышкан. Финалга орус романсын мыкты аткарган 12 талапкер өткөн.