Москвада өткөн эл аралык сынакта кыргызстандык байгелүү орунга ээ болду

17:12, 09 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ Москвада «Романсиада» орус романсынын жаш аткаруучулар арасындагы эл аралык сынагы өттү. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКсы жазды.

Орто Азиядан барган Нургалым Аманбай (Казакстан) менен Мирлан Жанарбаев (Кыргызстан) сынакта 1-2-орундарга ээ болушту. 

Фото

Концерт «Орус дүйнөсү» фондунун колдоосу менен өттү.

Эске салсак, аталган сынакка ар кайсыл өлкөдөн келген 500дөн ашуун аткаруучу катышкан. Финалга орус романсын мыкты аткарган 12 талапкер өткөн.