20:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кубанычбек Кулматовду 15, Албек Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратуу сунушталды

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

Мамлекеттик айыптоочу Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп таап, аны 15 жылга эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоону суранды. Мындан тышкары мамлекеттик кызматта 2 жыл иштөөгө тыюу салууну өтүндү.

Ал эми Албек Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону, 3 жыл мамлекеттик кызматтан иштөөгө тыюу салууну суранды.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума