10:10, 09 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда сот залдарынын болгону 35 пайызы аудио- жана видеофиксация менен жабдылган. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, аудиофиксация Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун биринчи инстанциядагы сотторунда орнотулган.
«Баардыгы болуп 80 залда аудио- жана видеофиксация бар. Залдарды жабдуу уланууда. Азырынча аймактарда мындай көрүнүш жок», — деди Гүлбара Калиева.
Өлкөнүн соттук системасы бүгүн 95 жылдыгын белгилеп жатат.