08:44
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Акча, аброй, билим. Жогорку Кеңеште кимдин аты кайра жаңырбайт

Бул ай менен бирге Жогорку Кеңеш дагы бир жылын жыйынтыктайт. Парламенттин 2020-жылдагы алты айы шайлоого даярдык менен өтөрү белгилүү. Андан кийин жайкы каникулга таркап кетишет. Шайлоо октябрь айында өтөт.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, азыр эле ар кандай сунуштар талкууланууда. Анүстүнө мандаттын баасы өсөрү божомолдонуп, айрым депутаттар ЖКга кайра келүүдөн үмүтүн үзүштү.

Ынтымагы бекем, же жолдуу фракциялар

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында алты фракция бар (КСДП, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол», «Ата Мекен»). Төрт жыл ичинде алардын баары эле ийгиликтүү иш алып, айрыкча ынтымагын көрсөтө алышкан жок.

Фракциялык жыйын өткөрүү боюнча КСДП менен «Республика — Ата Журт» лидер.

Ички ызы-чуулар көбүнчө КСДПда болду. 2017-жылы Жанар Акаев сөз эркиндигине арналган жүрүштү колдоп чыккандан кийин фракциядан чыгарылды. Бирок, депутат мандатын сактап, эркин эл өкүлү катары иш алып барууда. Андан кийин партия лидеринин каарына калган Кожобек Рыспаев дагы тизмеден чийилген. 2019-жылы фракциянын лидери Иса Омуркулов партиядан чыгарылган, бирок, ал ордунан «былк» этпеди. Музаффар Исаков болсо өз эрки менен мандаттан баш тартты.

«Республика — Ата Журт» фракциясы саясаттан кеткендигине байланыштуу лидери Өмүрбек Бабанов менен кол үзүшкөн. Депутаты Улан Чолпонбаев оорудан каза тапты. Бабановдон кийин лидерликти колго алган Руслан Казакбаевди ээртен түшүрүп, фракция ичтен ырк кеткенин ачыктап койду.

«Кыргызстан» үчүн бул алгачкы чакырылышы оор болду. Бир эл өкүлү көз жумуп, эки депутатына иш козголду.

Лидери Канат Исаевге кылмыш иши козголуп, камоодо олтурду. Дагы бир өкүлү Дамирбек Асылбек уулу контрабанда айыбы менен Казакстанда 8 жылга эркинен ажыратылды. Айтмакчы, бул партиянын депутаттары эң көп алмашты.

«Ата Мекен» бул чакырылышта мурдакыга салыштырмалуу ынтымагын сактай алды.

«Бир-Бол» депутаты Аскарбек Шадиевди өзгөчө мандат менен аткаруу бийлигине андан кийин АКШга узатты.

Парламентте аты кайра жаңырбайт

VII чакырылышта азыркы парламенттеги партиялардын курамы толук алмашары бышык. Адегенде эле КСДП фракциясы ыдырайт. Бүгүнкү депутаттарынын көпчүлүгү башка партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Мен КСДПнын мүчөсүмүн. Андыктан башка партияны азырынча караган жокмун. Эгер КСДПны шайлоого каттабай койсо, анда башка саясый топ менен парламенттик шайлоого аттанышым мүмкүн

Рыскелди Момбеков.

Фракциянын депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева шайлоого башка саясый уюм менен аттанат.

Менин шайлоого катышуу планым, ниетим бар. Ар кандай сунуштар болуп жатат. Бирок, кайсы партия менен келеримди чече элекмин

Аида Касымалиева

«Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» партиялары дагы шайлоого камынууда. Депутаттарынын көпчүлүгү өз партиясы менен аттануу ниетин билдиришти.

Ал эми «Республика — Ата-Журт» ушуну менен ишин токтотот. Шайлоого «Республика» өзүнчө аттанып, азыркы эл өкүлдөрүнүн ичинен беш-алтоон гана сактап калары айтылат.

«Ата-Мекен» фракциясы ынтымактуу болбосун, аларды да жаңылануу күтүп турат. Саясый уюм экономикалык жактан күчтүү эмес. Аны толуктоо үчүн лидери Өмүрбек Текебаев командасына жаңы жүздөрдү тартышы мүмкүн.

Мен эмки шайлоого барбайм. Ага акчам да, оюм да жок. Келерки шайлоо акчага такалып, ар бир мандат 300 миң долларга чыгышы мүмкүн

Садык Шер-Нияз

Жаңы жүздөр, жаңы партиялар

Жаңы партиялар түзүлүп, аны ким жетектөөгө алары боюнча дагы түркүн кептер бар. Такталбаган жана эң көп айтылган маалымат боюнча, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимов партия түзүүдө.

Депутат Айнуру Алтыбаеванын билдирүүсүндө, жаңы союздар пайда болуп калышы дагы мүмкүн.

«2010-жылкы шайлоого биз 7 партия «Ар-Намыс» менен биригип келгенбиз. Анда «Биримдик», «Афган согушунун ардагерлери», «ЭрК» жана башка партиялар чогулган элек. 2015-жылы бул саясый топтор КСДПга кошулду. Эмки шайлоодо дагы ошондой союздар чыгышы мумкүн», — дейт Айнуру Алтыбаева.

Негизи эле депутаттар партияга биригүү боюнча ар кандай сүйлөшүүлөр жүрүп, сунуштар айтылып баштагынын билдиришти.

«Мен негизи эркин депутатмын. Кайра парламентке келип, эл үчүн иштеп берүүгө даярмын. Азыр кандай сунуштар бар. Бирок, кайсы партиянын тизмесине киреримди чече элекмин», — дейт Кожобек Рыспаев.

Партиялардын көркүн ачуу үчүн белгилүү инсандар, жарандык активисттер, айрыкча бул шайлоодо социалдык тармакта абройлуу блогерлер тартылары бышык. Алардын айрымдары шайлоо алдында өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүп, талапкерлигин сунуштоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар