Якутияда кыргыз диаспорасынын лидери мыйзамсыз миграция каналын уюштурду делүүдө

17:29, 06 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Якутиядагы кыргыз диаспорасынын лидери Борбор Азиядан мыйзамсыз миграция каналын уюштурган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Якутиянын маалымат сайты жазды.

Билдирүүгө караганда, Якутск шаарында ички иштер кызматынын кызматкерлери Борбор Азиядан мыйзамсыз миграция каналын уюштурганга байланыштуу, кыргыз диаспорасынын лидерлдеринин бирин кармады.

Якутияда кыргыздардын «Манас» жана «Ынтымак» уюмдары бар.