Эртең Ош шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

16:20, 06 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең Ош шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Ошэлектр» ААКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 16:00гө чейин шаардагы Фрунзе, Араван, Шакиров, Гагарин көчөлөрүндө, «Ош жогорку вольттуу электр тармактары» ишканасында, шаардык мончодо, Макаренко кичи районунда жарык жок болот.