13:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Токмокто милиция практикант кызга ыдык көрсөттү

Токмок ШИИБда практика өтөп жаткан кыз тергөөчүнү сексуалдык ыдык көрсөттү деп айыптап чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, 17 жаштагы кыз арызды прокуратурага жолдогон. Анда тергөөчү өз иш бөлмөсүнө чакырып, эшикти ичинен жаап алып ага ыдык көрсөткөнү айтылат.

Арыз ээси жергиликтүү университеттин студенти экени анык болду.

Башкы прокуратура арыз чынында эле келип түштү деп тастыкташты.

Эң көп окулган жаңылыктар