05:01
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Нарында 2 мектеп жылуулук мезгилине даяр эмес

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылындагы 2 мектеп жылуулук мезгилине даяр эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Алмазбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, мектептердин жылуулук мезгилине карата жагыла турган мештери жараксыз деген бүтүмдү Мамлекеттик экотехинспекциясы чыгарган.

«Бир мектепте 500, экинчисинде 100дөн ашуун бала окуйт. Окуучулар кыш мезгилин жылуулуксуз өткөрүп калышы ыктымал. Сиздер билесиздер, Нарында сууктун кандай экенин. Район дотацияда турат, көйгөйдү өз алдынча чече албайт», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби