11:30, 04 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын 1 миллион 351 жараны социалдык салымдарды төлөшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддук төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын саны −2 миллион 530 кишини түзөт. Ал эми пенсионерлердин саны жыл сайын орточо 17-18 миң кишиге өсүүдө.
«2020-жылы пенсионерлердин болжолдуу саны 670 миң кишиге жетет. Пенсиялык чыгымдар 3,5 миллард сомго өсөт», — деди Медер Ирсалиев.
Жогорку Кеңеште «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.