10:44, 04 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Чүй облусуна караштуу Кант шаарында өрт чыгып, кесепетинен 45 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, 20 чарчы метрлик бөлмө күйүп кеткен. Окуя болгон жерден 1974-жылы туулган К.А.нын сөөгү табылды.
Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.