Кечээ Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 52 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү милиция билдирди.
Маалыматка караганда, жеңил унаа каршы тараптан келе жаткан жүк ташуучу унаадан качам деп оодарылып кеткен.
Ичинде 6 жүргүнчү болгону айтылууда. Алардын бири каза болду.