Өзбекстанда мэрдин мурдагы орун басары өз үйүндө асынып алган

09:05, 04 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Өзбекстанда Маргилан шаарынын башчысынын мурдагы орун басары Эльёр Тухтаматов өз үйүндө асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу 3-декабрда өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Окуя тууралуу маалымат шаардык ички иштер башкармалыгына 30-ноябрда келип түшкөн. Эльёр Тухтаматов Ферганадагы үйүнүн жер төлөөсүндө зымга асынып алган.

Учурда жергиликтүү прокуратура тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

35 жаштагы Эльёр Тухтаматов 2018-жылдын августунда Маргиландын башчысынын орун басарлыгына дайындалып, 2019-жылы апрелде өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.