Ош облусунда жер титирөө катталды

17:22, 03 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн саат 16:03тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жердин силкинүүсү Алай районунун Кара-Киндик айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.