Талас шаарында 16 жаштагы кызды зордуктоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда түнкү саат 2лер чамасында кызды токойдун аймагынан 20 жаштардагы 2 жигит зордуктап кетишкен.
«Жабырлануучу орто кесиптик билим берүү жайлардын биринде окуп жүргөн. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери улантылып жатат. Шектүүлөр үй камагына алынды», — деп билдиришти милициядан.