05:44
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Талас шаарында 16 жаштагы кызды зордуктоого шектүүлөр кармалды

Талас шаарында 16 жаштагы кызды зордуктоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда түнкү саат 2лер чамасында кызды токойдун аймагынан 20 жаштардагы 2 жигит зордуктап кетишкен.

«Жабырлануучу орто кесиптик билим берүү жайлардын биринде окуп жүргөн. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери улантылып жатат. Шектүүлөр үй камагына алынды», — деп билдиришти милициядан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби