Бишкектеги № 31 балдар бакчасынын шыбы түшүп калды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда маалым болду.
Вице-мэр Татьяна Кузнецованын айтымында, шып окуудан сырткары убакта түшкөн, эч ким жабыркаган эмес.
Маалыматка караганда, окуя 25-ноябрда катталган.
«29-ноябрда курамына мэриянын жана шаардык кеңештин өкүлдөрү кирген көчмө комиссия түзүлдү. Алар имаратты карап чыгышты,калыбына келтирүү үчүн техникалык корутунду түзүү керек», — деди ал.