Укук коргоочу Рита Карасартова жаңы кызматка дайындалды

12:29, 03 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Фото

Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду. Эске салсак, ал бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.

Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.

Кошумчалай кетсек, Рита Карасартова укук коргоочу катары таанымал.