Өзгөн районундагы өрт кырсыгынан 29 жаштагы эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, Кызыл-Октябрь айылында үй толугу менен күйүп кетти. Анда 99 чарчы метрлик аянт өрттөнгөн. Кырсык болгон жерден үй ээсинин сөөгү табылды.
Өрттүн себептери такталууда.