01:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жетим балдардын укугун коргоочу коомдук фонд «Аяз атага кат» акциясын өткөрөт

Жетим балдардын укугун коргоочу коомдук фонд «Аяз атага кат» акциясын өткөрөт. Бул тууралуу фонддун «Фейсбуктагы» расмий баракчасында жарыяланды.

Маалыматка караганда, каалаган ар бир жаран жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык маанай тартуулай алышат.

«Фонддун сайтында ар касйыл балдар үйүнүн, мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары жолдошкон каттар чогулган. Каалоочулар бир же бир нече катты тандап алып, балдардын каалоосун аткарса болот», — деп билдиришти фонддон.

Белекти 19-декабрга чейин Бишкектеги Коенкөзов, 135 дарегинде жайгашкан жетим балдардын укугун коргоочу коомдук фондго жеткирип берсе болот. 0559800579 номуруна байланышып кеңири маалымат ала аласыздар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума