Президенттердин кол тамгасы. Путин сыясы, Рахмондуку кооздогу менен өзгөчөлөнөт

14:39, 02 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

ЖККУ лидерлеринин кол тамгасынын сүрөтүн Армениянын премьер-министри Никол Пашинян facebook баракчасына жарыялаган.

Ал Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынында тартылганын белгилейт.

«Бишкекте өткөн саммиттин жыйынтыгында биз бир топ документтерди кабыл алдык», — деп жазган Никол Пашинян.

Фото

Соцтармактын колдонуучулары тажик лидери Эмомали Рахмондун кол тамгасына баа берип, өтө кооз катары баалашкан. Россия лидери гана кара сыя менен кол койгон.

Баарынан жөнөкөй кол тамга — Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдеки.