Токмокто адам өмүрүнө кол салууга шектүү жаран кармалды

11:44, 02 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Токмокто адам өмүрүнө кол салууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-ноябрда саат 12 жарымда Токмоктун медициналык борборлорунун биринде жубайлар уруша кетишкен. Эркек киши медициналык борбордо иштеген жубайын бычак менен сайып жиберген.

57 жаштагы Ш.Г.ны ооруканага жеткиришти. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган кылмышка шектүү делип 62 жаштагы Ш.А. кармалды.