Бишкектеги Саадаев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

11:03, 02 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Саадаев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, аталган көчөдө магистралдык канализация оңдолуп, курулуш таштандылары толугу менен чыгарылды.

Эске салсак, аталган жайда 200 метрлик труба орнотулду. Ал Тоголок Молдо, Манас, Васильев жана Саадаев көчөлөрү менен чектеш аймакта борбордук канализация орнотуу боюнча ири долбоордун алкагында ишке ашырылды.