Баш калаанын айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу чектелет

10:39, 02 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу 1-декабрдан 6-декабрга чейин Тоголок Молдо, М. Ганди, Саадаев жана Чоң Чүй каналы менен чектеш аймакта, «Көлмө», «Салам-Алик», «Щербаков» кичи райондорунда газ берилбейт.

Беш миңдей абонент бул күндөрү газсыз калат.