Сургуттагы өрт кырсыгында кыргызстандык жубайлар каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-ноябрда 41 жаштагы Ш.У.К. жана 37 жаштагы жубайы К.А.Ж. тилсиз жоодон каза тапты. Экөө тең Ош облусунун тургундары.
Ш.У.К. нын сөөгү бүгүн Екатеринбург аркылуу кыргыз диаспорасынын көмөгү менен Ошко жөнөтүлөт. Ал эми жубайынын сөөгүн документтерди толтургандан кийин 30-ноябрда жөнөтүшмөкчү.