Жаңы тренд. Шоу-бизнес жылдыздары боюндагы баланын жынысын кимден угушат?

12:04, 29 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Ырчы Айдана Дека менен Аваз Акимов кыздуу болорун жарыялашты. Бул боюнча видеону Айдана Дека инстаграм баракчасына жүктөдү.

Белгилей кетсек, Айдана Деканын боюнда бар. Ал буга чейин 31 жумага жетип, көз жарарга аз калганын маалымдаган.

Ырчыларга баласынын жынысын даарыгер эмес, достору айтышты.

«Мен курбум менен УЗИге барып, даарыгерден көргөнүн мага эмес курбума айтууну сурандым. Кечинде бизге сюрприз кылып айтышты», — дейт ал.