17:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Лаврованы жоопко тартуу. Чечим тергөө аяктаганга 2 күн калганда кабыл алынды

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди.

Мурунку каржы министринин жактоочусу Дастан уулу Уландын айтымында, Ольга Лаврова профилдик мекеменин башчысы болуп турганда, «Эксимбанк» менен насыялык келишимге кол коюп жатканда болгону ал өз милдетин аткарган. 

«Кыргыз өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы буйругу менен каржы министри Ольга Лаврова өкмөттүн атынан кытайлык банктын келишимине кол койгонго милдеттендирилген. Баш мыйзамга ылайык, министрлер кабинетинин буйругун аткаруу милдеттүү түрдө болушу керек. Өкмөттүн бул буйругу азыркыга чейин күчүндө жана аны эч ким жокко чыгарган эмес», — деди жактоочу.

Дастан уулу Уландын айтымында, аталган кылмыш иши боюнча жалгыз Ольга Лавровага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген берене боюнча айып коюлууда. Калгандарына жемкорлук айыбы тагылган.

«Ольга Лаврова 2012-жылдын 6-сентябрында министр болуп дайындалган, 2013-жылы анын отставкасын кабыл алышкан», — деп кошумчалады жактоочу. Ольга Лаврованы жоопко тартуу тууралуу чечим тергөө аяктаганга 2 күн калганда кабыл алынды.

Мамлекеттик айыптоочулар мурунку министрди 7 жарым жылга эркинен ажыратууну суранышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар