USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмон менен чек ара маселесин талкуулады

12:03, 28 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен чек ара маселесин талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Эки өлкө лидери эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. Анда Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелеринин кеңири спектрин талкууланып, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин аныкталды.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты мындан ары карай бекемдөө зарылчылыгына көңүл бурушту», — дейт президенттин аппараты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18