ӨКМ: Кыргызстандын кээ бир райондорун туман каптайт

10:10, 28 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда, Ош облусунун кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.