Екатеринбургдагы компания кыргызстандыктарга 3 айлык маянасын төлөгөн эмес

09:21, 28 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Екатеринбургдагы «Барсум» ЖЧКда иштеген кыргызстандык 13 жаранга ушул жылдын апрелинен июнга чейин айлык акы төлөшкөн эмес. Бул тууралуу Свердлов облустук прокуратурасынын сайты жазды.

Маалыматка караганда, 100 миң рубль өлчөмүндө маяна берилген эмес.

Клининг компаниясын миграциялык жана эмгек мыйзамын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартышты. Аталган уюм мамлекеттик окуу мекемелеринде тазалоо иштерин жүргүзүп келет.

Мекемеге 255 миң рубль айыппул салынды. Чет элдик жарандарга толук көлөмдө маянасын төлөп беришти.