Бишкекте аскага чыгуу боюнча Кыргызстандын ачык биринчилиги өттү

17:55, 27 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте аскага чыгуу боюнча Кыргызстандын ачык биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Иш-чара 22-24-ноябрь күндөрү Бишкектеги спорт комплекстеринин биринде «Чылымсыз спорт» ураанынын алдында уюштурулду. 

Мелдешке Кыргызстандан башка Өзбекстан жана Казакстандан келген 16 жаштан жогору улан-кыздар катышты. Эркектер арасында алгачкы 3 орунду кыргызстандыктар ээлешти. Ал эми кыздар арасында 1-3-орунду өзбекстандык, 2-орунду кыргызстандык спортчу багындырды.