02:31
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кыргызстандагы 72 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда таптакыр медиктер жок

Кыргызстанда 701 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар, алардын 72синде медицина кызматкерлери жок. Мындай маалымат үй-бүлөлүк медицина боюнча форумда айтылды.

Билдирүүгө ылайык, 281 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда норма боюнча иштеген 3-5 дарыгердин ордуна болгону бир кызматкер эмгектенет.

Республикада 1,7 миңге жакын сертификациялуу үй-бүлөлүк дарыгер бар. Алардын ар бирине орточо 3,6 миң киши туура келет. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин нормасы боюнча 1,5- 1,7 миң киши туура келиши керек эле. Мындан сырткары бир дарыгерге 6 миңден 18 миң кишиге чейин туура келген райондор дагы бар.

Дарыгерлердин 80 пайызга жакыны -пенсия же пенсияга чыгуу алдындагы курактагылар. Өлкөгө дагы 2 миңге жакын адис керек.

Быйыл үй-бүлөлүк дарыгерлердин орточо айлык акысы 21-27 миң сом, медайымдардыкы 9,1 миң сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар