21:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сокулук районунда 19 жаштагы жигит өспүрүм баланын телефонун тартып алган

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда 19 жаштагы жигит өспүрүм баланын телефонун тартып алган. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Күн-Туу айылынын тургуну С.Г. арыз менен кайрылып, белгисиз бирөө анын небересинен «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун тартып алганын айткан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Окуяга шектүү катары Чүй облусунун 19 жаштагы тургуну кармалды.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар