Салык кызматынын кызматкери 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

15:18, 26 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Ленин райондук Салык кызматынын башкармалыгынын кызматкери 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, А.М. аттуу салыкчы ушул жылдын 21-ноябрында УКМК тарабынан колго түшүрүлдү. Ал салык маселесин чечип берем деп жеке ишкерден акча талап кылган.

А.М. үй камагына алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.