15:07
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 68 жаш бала жаткырылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (25.11.19-ж.) 227 бейтап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын ичинен 163ү жаш балдар.

"Кайрылгандардын 80и ооруканага жаткырылды, алардын 68и жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 30 адам кайрылса, 20сы ооруканага жаткырылып, 10 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 40 адам кайрылган, алардын 15и ооруканада жатат", - деп айтылат маалыматта. 

Эң көп окулган жаңылыктар