Улакчы Манас Ниязовго Таласта аргымак тартуулашты

11:32, 26 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун көк-бөрү боюнча «Достук» командасы Таласта конок болду. Бул тууралуу топтун башчысы Манас Ниязов билдирди. 

Ал Талас элине ыраазычылык билдирип, аргымак тартууланганын маалымдады.

«Касиеттүү Таластын элине ракмат. Мындай белектер көк-бөрүчүлөргө стимул болот. Ынтымагыбыз арта берсин», - дейт ал.

Белгилей кетсек, «Ынтымак»  менен  «Достук» өлкө чемпионатында башкы атаандаштар.