Өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 23 пайызга азайды

15:24, 25 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 23 пайызга азайды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 10 ай ичинде республика боюнча 3 миң 270 өрт кырсыгы (2018-жылы 4 миң 246) катталган.

"Өрттөн келип чыккан материалдык чыгымдар 651 миллион сомдон ашык түздү. Кырсыктан 36 адам каза таап, 46 адам жабыркады", - деп айтылат маалыматта.

Өрттөн 47 адамдын өмүрү жана 528 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.