Ошто алдамчылыкка шектүү делип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

15:07, 25 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында алдамчылыкка шектүү делип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак,  13-июнда Ош ШИИБге Төлөйкөн кичи районунун 1988-жылы туулган тургуну Э.М. арыз менен кайрылып, Ч. аттуу таанышы январда 4 миң долларын алып, кайра бербей жүргөнүн айткан. Арыздын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

19-ноябрда Ош шаарынын 1981-жылы туулган тургуну А.Ч. кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталды.