Чүй облусунда мыйзамсыз ташылып келинген кийим аныкталды

12:28, 25 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда мыйзамсыз ташылып келинген жана декларацияланбаган кийим аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, товардын орточо базар баасы 16 миллион 398 миң 735 сомду түзөт. Жүктүн жалпы салмагы -20  миң 406 килограмм. 

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.