12:28, 25 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Чүй облусунда мыйзамсыз ташылып келинген жана декларацияланбаган кийим аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, товардын орточо базар баасы 16 миллион 398 миң 735 сомду түзөт. Жүктүн жалпы салмагы -20 миң 406 килограмм.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.