Валентина Шевченконун кезектеги атаандашы — америкалык Кэтлин Чукагян

15:54, 22 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

UFC чемпиону Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешет.

Маалыматка караганда, спортчулар 2020-жылы 8-февралда АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турнири өткөрү пландалууда.

Буга чейин Шевченко чемпиондук курун Жессика Ай жана Лиз Кармуш менен болгон беттештерде коргогон.