«Укук коргоо органдары аткара албаган ишти журналисттер аткарышты», — деп Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев 24.kg сайтына «Азаттык» радиосунун «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсү боюнча билдирди.
Анын айтымында, өкмөт бул маселени укук коргоо органдарына өткөрүп бериши керек.
«Президент: фактты бергиле деди, алар фактты берди», — деди ал.
Эскерте кетсек, «Азаттык», «Kloop» жана OCCRP өлкөдөн миллион доллардын чыгарылышы, бажыдагы жемкорлук системалары жана ага тиешеси бар аткаминерлер жөнүндө иликтөө жүргүзгөн.