Баткенде өзүн журналист катары тааныштырып студенттерди тоногон жигит кармалды

15:48, 21 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Баткенде өзүн журналист катары тааныштырып студенттерди тоногон жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 13-ноябрында Баткен шаарынын «Жеңиш» паркында азиат улутундагы жашы 25-30 чамасындагы бала ошол жерде эс алып отурган студенттерге ар кандай суроолорду берип, өзүн «журналист» катары тааныштырып, «Rеdmi Note 7А» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып качып кеткен.

Фото

Анын Ысык-Көл облусунун Тогуз Булак айылынын 24 жаштагы Н.Д. аттуу тургуну экени аныкталды. Ал Нарын шаарынан кармалды.