Салык кызматы отчетторун бербеген 14 миң 148 ишкердик субъекти издеп тапты

17:08, 20 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 10 айынын ичинде салык отчетторун бербеген 14 миң 148 ишкердик субъектини издеп тапты. Алардын ичинен 6 миң 102 юридикалык жак, 6 миң 655 жеке ишкер жана 1 миң 391 дыйкан (фермердик) чарбалар. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Ошондой эле, салык органдарында каттоодон өтпөгөн 6 миң 689 субъект табылды. Алардын ичинен 1 миң 896 юридикалык жак, 3 миң 648 жеке ишкер жана 1 миң 145 дыйкан (фермердик) чарбасы бар.

Бардыгы болуп салык органынын эсебинде 750 миң 650 салык төлөөчүлөр турат.