Бишкектин борбордук көчөсүндө бычак көтөрүп жүргөн кишини кармашты

16:17, 20 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Патрулдук милициянын кызматкерлери Бишкектин борбордук көчөсүндө  бычак көтөрүп жүргөн кишини кармашты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. 

Фото

Маалыматка ылайык, учурда аны Биринчи май райондук милициясына алып келишти. 

Окуя Чүй проспектиси менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Буга чейин троллейбустун ичиндеги жаран жүргүнчүлөргө бычак менен кол салганга аракет жасады деп  мэриянын «Твиттердеги» расмий аккаунтунда жарыяланган.