Оштун тургуну отун араалап жатып кокустан өз кекиртегин кесип алды

16:07, 20 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Оштун тургуну отун араалап жатып кокустан өз кекиртегин кесип алды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал бензин менен иштеген араанын үстүнө кулап кеткен.

Кырсык 16-ноябрда шаардагы үйлөрдүн биринде болгон. «62 жаштагы У. Я. өзүнүн бакчасындагы отун араалап жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал чалынып кетип иштеп жаткан араага кекиртеги менен кулаган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Маркумдун жакындары арыз жазуудан баш тартышты.