16:07, 20 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Оштун тургуну отун араалап жатып кокустан өз кекиртегин кесип алды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал бензин менен иштеген араанын үстүнө кулап кеткен.
Кырсык 16-ноябрда шаардагы үйлөрдүн биринде болгон. «62 жаштагы У. Я. өзүнүн бакчасындагы отун араалап жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал чалынып кетип иштеп жаткан араага кекиртеги менен кулаган», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Маркумдун жакындары арыз жазуудан баш тартышты.